САЛАМ МЕНИН БИЛИМ - УЯМ!

01.09.2025  13:40

14

САЛАМ МЕНИН БИЛИМ - УЯМ!

   Бүгүн, 2025-2026-жаңы окуу жылынын 1-сентябрь - Билим күнүнө карата Токтогул районунда 41 мектепте салтанаттуу түрдө иш чаралар өткөрүлдү.

   Буга чейин жаңы окуу жылына жогорку деңгээлде даярдыктар жүрүп, окуучулар билим уясына кабыл алынышып, жаңы билим күнү салтанаттуу иш чара менен башталып, тарбиялык сааттар жана түзүлгөн жүгүртмөлөр менен мугалимдер сабактарын улантышты.

Урматтуу мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер!

   Сиздерди 2025-2026-жаңы окуу жылынын башталышы, 1-сентябрь – Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

   Бул күн – ар бирибиз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени билим – адамдын келечегине жол ачкан, коомду өнүктүргөн эң чоң күч. Ошондой эле билимге болгон жаңы кадамдын үмүттүн башаты.

   2025-2026-окуу жылы – билим берүү тарыхындагы өзгөчө этап. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы 12 жылдык жалпы орто билим берүү моделине этап-этабы менен өтүп жаткан тарыхый учурга туш келди. Анткени быйылкы окуу жылынан тарта өлкөбүз, 12 жылдык билим берүү системасына баскычтуу өтүүнү улантууда. Бул чоң жаңылануу – сапаттуу билимге окуучунун жөндөмүнө жараша жана дүйнөлүк стандарттарга жетүүнүн бекем кадамы. Сиздер ушул доор жаңылануунун күбөсү гана эмес, анын башкы каармандарысыздар, билим реформасын ишке ашыруучу негизги күчсүздөр!

   Жаңы окуу жылы окуучуларга жаңы билим, жаңы максат, жаңы ийгиликтерди алып келсин. Ар бир балага талыкпай окуп-үйрөнүүнү, чыгармачылык ийгиликтерди, кең келечекти каалайбыз.

   Урматтуу мугалимдерге чыдамкайлык, чыгармачылык дем жана ишинде дайыма урмат-сый коштосун. Ал эми ата-энелерге балдарынын жетишкендиктерине сыймыктанып жүрүүнү каалайбыз.

   Келгиле, биргеликте билимдүү, ыймандуу жана өнүккөн муунду тарбиялайлы!

   12 жылдык сапаттуу билимге чогуу кадам таштайлы!

   Жаңы окуу жылыңыздар ийгиликтерге толсун!