"ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ - ЖАҢЫ КЫЯЛДАР"

01.09.2025  12:00

14

"ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ - ЖАҢЫ КЫЯЛДАР"

   Бүгүн, Токтогул районуна караштуу 25 бала бакчада бөбөктөр жаңы окуу жылына кабыл алынды.

   Кымбаттуу ата-энелер, урматтуу тарбиячылар жана сүйүктүү бөбөктөр! 

   Сиздерди 1-сентябрь – Билим күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!

   Бул күн – билимге болгон алгачкы кадамдардын, жаңы ачылыштардын жана кубанычтын майрамы. Бөбөктөрүбүз бала бакчада сүйүү менен тарбияланып, акылдуу, адептүү жана мекенин сүйгөн инсан болуп өсүшүнө тилектешпиз. 

   Урматтуу тарбиячыларга чыдамкайлык жана чыгармачылык ийгиликтерди, ата-энелерге кубаныч менен сыймыктанууну каалайбыз.

   Бөбөктөрүбүздүн жүзү дайыма күлкүгө толсун! 

   Билим күнүңүздөр кут болсун!